2019-02-06


РЕСТОРАН ИШИ ЖАНА КУЛИНАРДЫК ӨНӨР БӨЛҮМҮНҮН 1 КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ЭКСУКУРСИЯДА


Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн 1 курсттун студенттерине Супара этно ресторанына таанышуу экскурсиясы уюштурулду. Студенттердин окуудагы, практикадагы ишкердүүлүгүн уюштуруу жана жетектөө о.э. студенттердин сабактарга, кесипке болгон мотивациясын калыптандыруу максатында улуттук тамак аштарды, кызматын сунган этно комлекс Супара ресторанына окуу экскурсияга чыгып, кесиптик чөйрөнү жакындан таанышып келишти. Студенттерибиз улуттук кийим кийип ресторандын  этникалык көрүнүшүнө айкалышып, келген конокторун кызыкчылыктарын жаратышты.